Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Байсалов: Күрөновдун маселеси сөз эркиндиги эмес


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов «Азаттыктын» «Эки-бир» берүүсүнө маек куруп жатып жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) кармалышы боюнча пикирин билдирди. Байсалов жарандык активисттин социалдык тармактарда жазган постторун сөз эркиндиги деп эсептебейт.

“Күрөнов (ред: Тилекмат Кудайберген уулу “Фейсбукта” Күрөнов деп катталган) боюнча айтсам. Мен түшүнбөйм, сиз мактаган жарандык коом айтып жатат “ал “Фейсбукка” пост жазганы үчүн жоопкерчиликке тартылып жатат” деп. Ал айтып жатат “мен баланча күнү 12-апрелда митинг өткөрөм, ошондой кийин бул бийликти чыккан жерине камайм, чыбык менен сабайм, сазайын берем” деп атат. Мен сиздерге айтып койсом, бул Кытай, Индия, Казакстан, Иран, Түркияда гана эмес Англияда дагы чоң кылмыш. Бул жыйын, сөз эркиндиги эмес”, - деди Байсалов.

17-мартта активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) бир айга № 1 Тергөө абагына камалган. Ал сот чечими чыккандан кийин милициянын коштоосунда баратып, ачкачылык кармай турганын билдирген.

Активист Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен айыпталып жатат. Тилекмат Кудайберген уулу “Фейсбуктагы” баракчасындагы кайсы постту үчүн шек саналып жатканы айтыла элек.

9-мартта башкалаада Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Тилекмат Кудайберген уулу алып барган. 15-мартта анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунда да тинтүү жүргүзүлгөн.

Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Тилекмат Кудайберген уулунун кармалышын сөз эркиндигине карата басым деп баалап жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG