Расмий Киев орус бийлиги Украинанын чыгышындагы чектеш аймактарга аскерий күчтөрүн тартып, Донецк менен Луганск облустарындагы жикчилдер ок атышууну токтотуу шартын улам бузуп жатканына кооптонууда.
АКШ, Франция менен Германия аймакта абалдын кайрадан чыңалышына Орусияны айыптады. Кремль болсо, украин бийлигине өлкөдөгү жикчилдер менен ич ара сүйлөшүп алууну сунуштап, Орусия аскерлерин кайда жайгаштырарын өзү чечерин айтты.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Руслан Хомчак 30-мартта Москва аскерий машыгууларды шылтоолоп, өлкөнүн чыгыш чек араларына аскерлерин которуп жатканын айтып чыккан.
Хомчак мартта болгон аскердик машыгууларда Новороссийск жана Ставрополь шаарларынан "убактылуу аннексияланган" Крымга алынып келинген орусиялык аскерлер ошол бойдон жарым аралдан чыгарылбаганын маалымдаган.
Муну менен бир нече жылдан бери Украинанын чыгыш чек араларында турган Орусиянын 28-батальону дээрлик эки эсе көбөйтүлүп жатканына басым жасаган. Хомчактын маалыматы боюнча, ушул кезде Крымдагы орус аскерлеринин саны 33 миңге чамалады.
«Биз душмандын бардык чагымчылдыгына жана согуштук аракеттерине даярданып жатабыз», -деди Хомчак парламентте сүйлөп жатып.
1-апрелде Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) баш катчысы Хелга Шмид менен байланышып, бул маселени талкууланганын «Твиттерге» жазды.
Анда «Украинанын чыгышындагы коопсуздукка коркунуч жараткан Орусиянын аракеттери» тууралуу сөз болгонун белгилеген Киевдин башкы дипломаты ЕККУну «буга тыкыр көз салууга» чакырды.
Согуш жүрүп жаткан жерлерде байкоо жүргүзүп, касташкан тараптардын диалогуна өбөлгө түзүү милдети жүктөлгөн ЕККУнун миссиясы Украинада 2014-жылдан бери иштеп келатат. Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин өлкө чыгышында орусиячыл жикчилдер баш көтөрүп, андан бери Донбасстагы урушта набыт болгондор 14 миңден ашты.
Дагы караңыз
Украин бийлиги: Крым Кремль тарабынан убактылуу гана каратып алынган деп санайбызКиевдин өтүнүчү менен быйыл мартта ЕККУ өлкөдөгү миссиясын дагы бир жылга узарткан. Бул эл аралык байкоочулар тобу соңку күндөрү Донецк менен Луганск аймактарында ок атышууну токтотуу шарттары бузулган жүздөгөн учурларды каттаган.
26-мартта эле украин өкмөтү Донецкиде аскерлерине ок чыгарылып, төрт жоокер каза болуп, экөө жараат алганын кабарлаган болчу.
АКШ расмий Киевдин билдирүүлөрүнөн соң «бул аймакта туруктуулукка кайрадан кооптонуу жаралганын» белгилеп, ага Орусияны айыптады.
Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү штабынын башчысы Марк Милли орусиялык кесиптеши Валерий Герасимов жана украин күчтөрүнүн башчысы Руслан Хомчак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалдан кабар алды.
Андан соң Пентагондун басма сөз кызматынын өкүлү Жон Кирби Орусиянын Украина менен чек араларында «туруксуздукту жаратчу аракеттери» былтыр июлда жетишилген макулдашууларга да доо кетирип жатканын билдирди.
«Аймактагы бул чыңалуунун кыйла күчөшү менен ок атышууну токтотуу режиминин бузулушу боюнча биз тынчсыздануубузду билдиребиз»,- деди Кирби брифингде.
Ал эми Кремль Украинанын чыгышындагы абалды чыңалтуу боюнча өзүнө айтылган айыптоолорду чекте кагып, күнөөнү Киевге оодарды.
Шаршембиде орус президенти Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен болгон видеобайланышта расмий Киев абалды жөнгө салуу үчүн Донецки менен Луганскидеги козголоңчулар менен тил табышышы керектигин белгилеген.
Кийин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров федералдык «1-каналга» маегинде «Украинанын чыгышында дагы бир жаңжал чыгарууну каалагандар өлкөнү биротоло кыйратат» деп айтып, Путиндин сөздөрүнөн цитата келтирди.
Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бейшембиде журналисттерге Орусия «өз аймагында аскерлерин каалаганындай жер которто бере турганын, бул башка мамлекеттерди беймаза кылбоого" тийиш экенин белгиледи.
«Биз Орусиянын чек араларында НАТОнун аскерлеринин жигердүүлүгү күчөтүлгөн кезде өтө сак болушубуз керек», - деди Песков.
2014-жылы февралда Крымга куралчан топтор кирип, стратегиялык жайларды басып алышкан. Бир айга жетпеген убакыттын ичинде Крымда жана Севастополь шаарында жарым аралдын макамы тууралуу референдум өткөрүлүп, анда «ыктыярдуу түрдө Орусияга кошулуу» жобосу таңууланган. Кийин Владимир Путин баскынчы күчтөрдү - «жашыл кийимчен куралчандар» Орусиянын жоокерлери болгонун өзү ыракаттануу менен моюнуна алып, референдумдун жыйынтыктарын шылтоолоп, Крым жарым аралы Орусияга «бириктирилгендигин» жарыя кылган.
Муну жана «референдум» делген күмөндүү иш-чаранын жыйынтыгын Украина, Европа Биримдиги, АКШ баш болгон жүзгө жакын өлкө тааныган эмес. Эл аралык коомчулук орус бийлигин Украинанын чыгышындагы – Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдерди курал-жарак, каржылык жактан колдоого да айыптап келет.
Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн жети жыл мурун түзүлгөн «Норман төрттүгү» тобуна кирген Франция менен Германиянын соңку билдирүүлөрүндө «Орусия Украинада ок атышууну токтотуу режимин, абалды турукташтыруу боюнча так милдеттенме алып, Минск келишимдерине ылайык кризистен чыгуунун жолдорун табышы керек» деп айтылат.