Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 20:23

Украина Орусияны Донбасста атышпоо шартын бузганы үчүн айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Бириккен күчтөрүнүн командачылыгы жекшембиде Донецк облусунун Красногоровка айылы тараптан украин жоокерлерине ок атылганын билдирди. Натыйжада бир аскер жарадар болуп, ооруканага жеткирилди. Киев буга байланыштуу Орусияны «ок атышпоо тууралуу үч тараптуу макулдашууну бузду» деп күнөөлөп жатат жана мындай чабуулдар токтобосо, анын мизи кайтарылып, жооп берүүгө даяр экенин эскертти.

Мунун алдында өздөрүн «Донецк элдик жумурияты» деп атаган жикчил аймактын башчысы Денис Пушилин эгер украин жоокерлери Горловка шаарынан жакын жерден чыгып кетпесе жана ошол жерде казылган аңды кайра көөмп салышпаса аларды атууга буйрук бергени белгилүү болгон.

Украин президентинин кеңсеси жикчилдердин мындай дооматтарын четке какты жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) мониторинг жүргүзгөн тобу да тараптардын «макулдашылган сызыгы бузулбаганын бышыктаган» деп билдирди.

Орусия Донбасстагы соңку жагдай тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Украина, Орусия жана ЕККУ Донбасста ушул жылдын 27-июлунан тартып атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Бирок эки тарап тең шарт бузулган учурлар тууралуу маал-маалы менен даттанып келишкен.

Украинанын чыгышындагы кагылышууда 2014-жылдан бери 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Киев Москваны орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөткөнү үчүн айыптап келет. Кремль бул дооматтарды такай четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG