COVID-19: Дүйнөдө Пасха майрамына карата чектөөлөр күчөтүлдү

Киевдеги метро.

Дүйнөдөгү протестанттар жана католиктер 4-апрелде Пасха майрамын коронавирус чектөөлөрүнүн шартында белгилеп жатышат. 3-апрелде Францияда үчүнчү ирет толук карантин чаралары киргизилди. Буга ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрү толуп калганы себеп болду.

3-апрелде Италия алдыдагы майрам күндөрүн утурлай карантин чектөөлөрүн күчөттү. Ал арада Германияда ишембиде нааразылык акциясына чыккандар «COVID диктатурасына чекит коюну» талап кылышты.

Канадада 3-апрелде коронавируска чалдыккандардын жалпы саны бир миллиондон ашты. Тайвань COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясын алды.

Дагы караңыз

Дүйшөбаев: Июнь коогасы толук иликтенгенОрусия АКШ менен космосту иликтөө кызматташтыгын 2030-жылга чейин узарттыБолгарияда парламенттик шайлоо өтүүдөТегеран: Эгерде чектөөлөр алынбаса, анда Иран АКШ менен сүйлөшүүлөр жүргүзбөйт«Нарын» эркин экономикалык аймагы «Хоргос» менен кызматташатБишкекте "Мыйзамдуулук үчүн" жүрүшүнүн акыркы иш-чарасы өттүМуфтият: Вакцина орозону бузбайт