Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Болгарияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. 2021-жылдын 4-апрели.
Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. 2021-жылдын 4-апрели.

Болгарияда 4-апрелде парламенттик шайлоо өтүүдө. Өлкөдө добуш берүү тилкелери иштей баштады. Бул шайлоо премьер-министр Бойко Борисовдун өкмөтүнө каршы бир жылга жакын созулган жапырт нааразылык чараларынан кийин өтүүдө.

Премьер Борисовдун “Жарандар – Болгариянын Европалык Өнүгүүсү Үчүн” (“Граждани за европейско развитие на България”; кыска аталышы ГЕРБ) партиясы эми он жылдык башкаруучу партия катары макамын сактап калуу үчүн далалат кылууда.

Алдын-ала сурамжылоолор ГЕРБ партиясы болжол менен 23 пайыз добушка ээ болушу ыктымалдан алыс эмес деп көрсөтүүдө.

Бул натыйжа шайлоодо тастыкталса, анда ГЕРБ партиясы үчүн 2017-жылдагы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына салыштырмалуу 10 упайга төмөн жана бул бийликтеги партиянын 2009-жылдагы атаандаштыктан берки биринчи жолку эң начар көрсөткүчү болуп калышы ажеп эмес.

Ошондой эле мындай жыйынтык ГЕРБ партиясын Борисов премьер-министр кызматын улантуусу үчүн зарыл болгон көпчүлүккө жетишүү мүдөөсүндө башка да парламентке кирген партиялар менен коалиция түзүүгө мажбур кылат.

Өкмөтк каршы нааразылык жыйыны. Болгариянын борбору София шаары. 2020-жылдын 5-августу.
Өкмөтк каршы нааразылык жыйыны. Болгариянын борбору София шаары. 2020-жылдын 5-августу.


61 жаштагы Борисов ГЕРБ партиясы 2009-жылкы шайлоодо жеңип чыккандан бери болгар саясатында үстөмдүк кылып келген.

Бирок жемкорлуктун айынан жана Борисовдун коронавирус пандемиясы менен күрөштөгү ишмердиги чабал болду делген баалардан улам бийликтеги партияны колдогондордун саны суюлуп кетти.


Былтыр жайында он миңдеген демонстранттар көчөгө чыгып, жемкорлукка каршы жана ГЕРБ партиясынын атаандаштарын бутага алуу үчүн өкмөт сот бийлигин пайдаланган деген айың кептерден улам азыркы бийликтерге нааразылык билдиришкен.

Адистердин айтымында, ГЕРБ партиясы көпчүлүк коалицияны калыптандыруу үчүн күрөшүүсү мүмкүн, анткени парламентке партиялардын улам башка ар түркүн топтөру келиши күтүлөт. Жаңы парламенттик кырдаал ГЕРБ партиясын алсыратып жана ал түгүл обочодо калтырышы деле ажеп эмес. (TT)

XS
SM
MD
LG