Экс-президент Роза Отунбаева COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева 10-апрелде Бишкектеги №7 эмканада коронавируска каршы эмделди.

Ага Кытайдан алып келинген "Sinopharm" вакцинасы сайылды. Отунбаева эмделгенден кийин жалпы элди коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырганын "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фондунан билдиришти.

Ага ылайык, экс-президент вакцина, анын мааниси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын билдирген.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө иштери 29-мартта башталган. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын "Sinopharm" компаниясынын вакцинасы колдонулууда.

75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө боюнча коомчулуктун пикири бир кылка эмес.(ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19 вирусун жуктуруп алган 27 бейтаптын абалы өтө оор "Замандаш" биримдигинин төрагасы Кадыр Бусурманкулов дүйнө салдыФутболчулар аялдарга зомбулукту токтотууга чакырган акция өткөрөтАнкаранын аял лидерге мамилеси сынга кабылдыИндия жаңы коронавирус толкуну менен алышып жататОшто 7 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган тургун кармалды     ИИМде жаңы жетекчилер дайындалдыШайлоо жана референдум: бүгүн жымжырттык күнү