Президент Жапаров кумар оюндарына жол ачкан мыйзам долбоорун колдоду

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда кумарканаларды ачууга жол ачкан мыйзам долбоору жөнүндө билдирүү жасады. Мамлекет башчысынын расмий сайтында президенттин төмөнкү цитатасы жарыяланды:

"Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы "кара пиар" жасап жатышат".

Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоору талаш-тартыш менен биринчи окууда кабыл алынды. Долбоорду 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди.

Мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган.

Кыргызстанда кумар оюндарына 2011-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу айтылып келет.(SE)

Дагы караңыз

Кумарканага жол ачкан мыйзам долбоору биринчи окууда өттү Курманкул Зулушев: уу коргошундун тундурмасын 400 бейтап ичкенКубанычбек Жумалиевдин мандаты Аманкул Токтомамбетовго берилдиКазакстан Бишкек-Жамбыл-Талас транзитине кайрадан уруксат бердиКомментарий жазуу эрежеси өзгөртүлдүӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң кишини түздү