Кыргызстанда COVID-19 вирусунун төрт штаммы тараганы аныкталды

COVID-19 вирусун аныктоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда COVID-19 вирусуна кабылгандардан төрт штамм, тактап айтканда, британиялык (жаңы штамм), индиялык (жаңы вариант), түштүк африкалык (эски вариант) жана орусиялык түрү аныкталганын билдирди. Бул тууралуу 22-апрелде мекеменин сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, кыргызстандык бейтаптардын анализдери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Референс-лабораториясында жана Орусиянын Вирусология жана эпидемиология боюнча мамлекеттик илимий «Вектор» борборунда текшерилип, корутундулар ошол жерде чыккан. Анализдер ушул жылдын 26-мартында жөнөтүлгөн.

Буга байланыштуу министрлик калкты беткап тагуу, социалдык аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу сыяктуу санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырат. Илдеттин симптомдору аныкталган учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна же 118 номерине чалуу керектиги эскертилет. Бейтап өз алдынча дарыланбашы керек.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 380 кишиден (U07.1 жана U07.2) аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. 22-апрелге карата илдет 93 006 кишиге жукту. Анын 87 554ү айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1566 адам кайтыш болду. (ErN)

Дагы караңыз

Милиция Гүлзат Аалиева диний кастыкты козутууга байланыштуу кармалганын маалымдадыКыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын алып жататЭлектр энергиясынын жаңы тарифи августка чейин коомдук талкууда болотCOVID-19: Беш адам каза болду, 380 бейтап жаңы катталдыЖогорку Соттун жетекчиси болуп Нургүл Бакирова шайландыЧехия орусиялык бардык дипломаттарды чыгара турганын эскертти