Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын тургуну, 32 жаштагы келин муунуп каза болгону тууралуу кабар райондук милицияга 22-апрелде түшкө маал келип түшкөн.
Милиция окуя болгон жерге барып, С.К аттуу аял үйүнүн сарайында темирге байланган жоолугуна өзүн асып каза болгону аныкталды деп билдирген. Анын мындай кадамга барган себеби азырынча аныктала элек.
Бул факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталган. Маркумдун күйөөсү жана жакындары келиндин сөөгүн соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты.
Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, маркумдун үч уул, бир кызы бар болчу.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, 2020-жылда Ош шаарынын өзүндө 33 киши өз жанын кыйган. Алар негизинен 18-40 жаштагылар. Суицидге баргандардын тогузу ууланып көз жумса, басымдуу бөлүгү асынып алышкан.(MiK)
Дагы караңыз
"Кемпир-Абад": мөөнөтсүз акцияга бийлик өкүлдөрү чакырылды Баткенде жасалма ичимдик саткандар аныкталдыАба ырайы: Чүй, Талас жана Ысык-Көлдө үшүк жүрөт"Кемпир-Абад": Өзгөндө жер алмашууга каршы мөөнөтсүз акция улануудаБаткенден Өзбекстанга беш элик жүктөп бараткан жаран колго түштүCOVID-19: "Спутник V" вакцинасын жашы 65тен өткөндөр алатМарипов: биометрикалык жалпы жарандык паспорт 3-майдан берилет