Өкмөттүн ирилештирүү саясатынын алкагында Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жетекчилери иштен бошотулду.
Мекеме тараткан маалыматка ылайык, мындай чечим бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюу иш-чараларынын негизинде кабыл алынды.
“Мамлекеттик бюджеттен каржыланып, бири-биринин ишин кайталаган кызмат орундары кыскарды. Зарыл эмес иштерге каржылык жана административтик чыгымдар которулганы аныкталган. Мекенинин жетекчилери иштен бошогону менен кызматкерлер штаттык режимде ишин улантып жатат”, - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле “Түндүк”, “Инфо-Система”, "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" мамлекеттик ишканаларынын башчылары да иштен кеткен.
Өкмөткө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы быйыл Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине кошулган. Мекеме мурда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитет деген аталышта иш жүргүзчү. (MiK)
Дагы караңыз
Британ парламенти Кытайдын Шинжаңдагы саясатын геноцид деп тааныдыПутин менен Лукашенко Москвада союздук республика түзүүнү сүйлөштүОшто суицидге барган аялдын жакындары экспертизадан баш тартты"Кемпир-Абад": мөөнөтсүз акцияга бийлик өкүлдөрү чакырылды Бишкек: жума, айт намаздарын жана ооз ачар өткөрүүнү чектөө сунушталдыБаткенде жасалма ичимдик саткандар аныкталдыАба ырайы: Чүй, Талас жана Ысык-Көлдө үшүк жүрөт