"Эйр Манас" жаңы учак сатып алды

Жаңы учакка "Каганат" аты ыйгарылды.

"Эйр Манас" жеке авиакомпаниясы Кыргызстанга "Airbus A220" тобундагы жаңы үлгүдөгү учак алып келди жана ага "Каганат" деген ысым ыйгарылды.

“Мындай жогорку үлгүдөгү авиалайнерди эксплуатацияга алуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү иш-чара. Анткени акыркы жылдары жарандык авиация аксап жаткандыктан тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылып келет. Элдин да сапаттуу авиациялык тейлөөгө муктаждыгы күн санап өсүүдө", деп жазылат "Манас" аба майданы тараткан маалыматта.

"Airbus" учагын башкарууну үйрөнүү үчүн "Эйр Манас" компаниясынын экипажы жана техникалык кызматкерлери Германиядан окуп келишкен.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы авиакомпаниянын паркы "А220-300" учагы менен толукталат. Аталган учактын салону бир класстуу үлгүдө жасалып, 145 орунга ылайыкташкан.

"А220" тобундагы учактар күйүүчү майды 25% чейин үнөмдөйт. Добушу 50% басаң жана азот кычкылын нормадан 50% аз бөлүп чыгарат.

Мындай учактардын жогорку диапазондо учуу мүмкүнчүлүгү, алардын үзгүлтүксүз чоң аралыкка жетүүсүн камсыздайт. "Эйр Манас" бул авиалайнерлерди ички жана эл аралык багытта, КМШ жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнө учууга колдонууну көздөйт.

Соңку эсепте, Кыргызстанда каттоодон өткөн учактардын көбү бузулуп, үчтөн бири гана колдонууга жарары айтылган.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатынан, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европа Биримдигинин "кара тизмесине" кирип, чөлкөмдөгү ишмердиги чектелген. (MiK)

Дагы караңыз

COVID-19: Кыргызстандыктар үч вакцинанын бирин тандай алышатКыргызстанда Sinopharm менен эмдөө бардык аймактарда башталдыДСУ: Уу коргошун менен COVID-19ду дарылоо боюнча эч документ жок Новиков "кара тизме" жөнүндө көбүрөк түшүндүрүүнү тапшырды Жогорку сот коргоо министри Өмүралиевди актадыНекролог: Бексултан Жакиев элди руханий кризис мөгдөтүп турганда коомду агартууга салым кошту