Азербайжандык активист Түркияда белгисиз жагдайда каза болду

Оппозициячыл активист Байрам Маммадов.

Азербайжандык оппозициячыл активист, "НИДА" аттуу жаштар кыймылынын мүчөсү Байрам Маммадов Түркиянын Стамбул шаарында белгисиз жагдайда каза болду. Анын достору "Фейсбук" аркылуу кабарлашкандай, активисттин сөөгү эки күн мурда деңизде табылган.

Маммадовдун досторунун бири Элких Кахраман түрк полициясы ишти иликтеп жатканын, азырынча активисттин өлүмүнө байланыштуу бардык болжолдуу себептер каралып жатканын "Туран" жаңылыктар агенттигине билдирди.

26 жаштагы Маммадов дагы бир демократиячыл активист Гияс Ибрагимов менен чогуу 2016-жылдын май айында учурдагы президенттин атасы, мурдагы мамлекет башчысы Гейдар Алиевдин айкелине "Кулдардын майрамы кут болсун!" деп жазганы менен көпчүлүккө таанылган.

Бул окуядан көп өтпөй экөө тең баңгизатка байланыштуу айыптардын негизинде 10 жылга эркинен ажыратылган. Алар кинени четке кагышкан.

"Amnesty International" уюму эки активистти "абийир туткуну" деп тааныган. 2019-жылдын март айында президент Ильхам Алиев абактагы 400 адам менен кошо Маммадов менен Ибрагимовго ырайым берген.

Дагы караңыз

Кыргызстанга беш мобилдик мультидиагностикалык клиника келдиМишель Бачелет чек ара чырында каза болгон кыргызстандыктар үчүн терең кайгыруусун билдирдиАКШнын мамлекеттик катчысы Украинага баратПутин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы кооганы талкуулайтЖапаров армияда реформа жасала турганын айттыПрезидент элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды