Бишкекте Тажикстандагы жарандык согушту чагылдырган спектакль болот

"Аккорд" спектаклинин афишасы.

Бишкекте “Кудук” маданий борбору сүрөтчүлөрдүн эмгегин чагылдырган “Аккорд” аттуу спектакль коет. Анда Тажикстанда 90-жылдардагы жарандык согуш тууралуу иликтөөлөр жана эскерүүлөр камтылган.

Пьесанын автору сүрөтчү жана журналист Диана Рахманова. Спектакль 22-жана 29-майда болот.

“Бардык согуштун артында коркуу, таарыныч жана каршылыктар турат. Согуштун изи адамдын аң-сезиминде көпкө чейин жашайт. Тажикстандагы апаат өлкөнүн маданиятына жана искусствосуна гана кара так салбастан, өлкөнүн саясатына, экономикасына тийгизген залакасы азыр да уланып жатат”, - деп жазылган "Кудук" маданий борбору тараткан маалыматта.

1992-жылы башталып, беш жылга созулган жарандык согуш постсоветтик аймактагы эң кандуу уруштардын бири болгон.

Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстандагы жарандык согуштун айынан 60 миңден ашуун адам өлүп, 100 миңдей киши дайынсыз жоголгон. 26 миңден ашуун аял жесир, 55 миңдей бала жетим калган.

Миллиондогон тажикстандыктар кара жанын сактап калуу үчүн өз үй-жайын таштап, башка аймактарга жана өлкөлөргө кетүүгө мажбур болгон.

Дагы караңыз

Эл аралык комитет: Токиодогу Олимпиада жылдырылбайтАКШ Гренландия менен тыгыз кызматташууну көздөйтОоганстанда экинчи район талибдердин карамагына өттүБаткенде аткезчиликке каршы ыкчам топтор түзүлдүМамкаттоону жетектөө милдети Залкарбек Карыбековго жүктөлдүПутин менен Жапаров кыргыз-тажик чек арасын да талкуулайт