Сот бийлигинин ишин жөнгө салган мыйзам долбоорлору талкууга коюлду

Иллюстрациялык сүрөт.

Сот бийлигине байланыштуу “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” жана “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” беш мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай бул документтер иштеп жаткан мыйзамдарды 11-апрелде референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык келтирүү үчүн даярдалды.

Президенттин сайтында жазылгандай мыйзам долбоорлору Юстиция министрлигине, Жогорку сотко, Конституциялык палатага, Судьялар кеңешине экспертизага жиберилип, алардын корутундусунун негизинде иштелип чыкты.

Документтер президенттин демилгеси катары Жогорку Кеңешке сунушталат. Президент Садыр Жапаров 5-майда кол койгон жаңы Конституцияга ылайык, Конституциялык палата жоюлуп, Конституциялык сот түзүлөт. Иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча өлкө башчы мыйзам долбоорун демилге кылуу укугун алган. (BTo)

Дагы караңыз

Бокоев: Жаңы акимдер шайлоодо бийликке иштебейт деген кепилдик жокКыргыз-тажик чек арасы: Орусия ортомчу болгусу келетДүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн. доллар беретОрусияда каза болгон кыргызстандыктын өлүмү иликтенет“Баткенге жардам” эсебине элден 100 млн. сомдой чогулдуКыргыз-тажик чек арасынан кимдер өтө алары айтылды