Салык кызматы 256,7 миллион сомдук туум жана санкцияны кечти

Мамлекеттик салык кызматы он айлык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн 5 749 салык төлөөчүгө карата 256,7 млн сом туум жана санкцияны жойду. Сумма 2020-жылдын август айынан 2021-жылдын 24-майына чейин эсептелгенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Салык карызынын негизги суммасын жойгон 4 миң 246 салык төлөөчүгө карата 187,6 млн. сомдук туум, санкция жана айып пулдары эсептен чыгарылды. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын төлөгөн 1 миң 503 субъектиге 69,0 млн. сом суммасындагы туум, санкция жана айып пулдары алып салынды. Бюджетке 148,7 млн. сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы төлөндү.

Мыйзамга ылайык, жарандар 2020-жылдын 1-июлуна чейинки салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө 100%, ал эми карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө 50 пайыз туум, санкция жана айып пулдар жоюлат.

Дагы караңыз

COVID-19: АКШда чоң кишилердин теңи толук эмделдиПрокуратура: Кулибаев "каймак калпыган" эмес"Жалал-Абад" санаторийине журналист жетекчи болуп келдиСуусамырдагы жол кырсыгында беш адам каза болдуИранда президенттикке талапкерлер тандалдыАсылбек Жээнбеков абактагы Мелис Аспековду сотко берди Бейшеналиев: Садыр Жапаров Путинге уу коргошун жөнүндө айтты 200дөй тажик жараны "Манас" аэропортунан артка кайтарылды"Дело№..." басылмасы гезит катары чыкпай турган болдуКыргызстан Кытайдан 150 миң, Орусиядан 80 миң доза вакцина күтүүдө