Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

"Жалал-Абад" санаторийине журналист жетекчи болуп келди


Камчыбек Ташиев жана Рамиз Каимов.
Камчыбек Ташиев жана Рамиз Каимов.

"Жалал-Абад" ден-соолукту чыңдоо комплексине мурда журналист болуп иштеген Рамиз Каимов убактылуу жетекчи болуп дайындалды. Бул маалыматты өзү "Азаттыкка" тастыктап, санаторийдин башчылыгына сынак жарыяланганга чейин убактылуу жетекчилик кызматты аркалай турганын айтты.

34 жаштагы Каимовду бул орунга дайындоо тууралуу "Кыргыз курорт туризм" башкармалыгынын чечими чыгып, ал 24-майдан баштап иштеп жатат.

Рамиз Каимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар экени айтылган телеканалдарда иштеген. Мурда "7-каналда" эмгектенип, кийинчерээк "Регион" телеканалын башкарып жүргөн.

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо "Мекенчил" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо талапкер, азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамы болуп расмий катталган. Соңку Базар-Коргон шаардык кеңешине шайлоодо "Ата журт - Кыргызстан" партиясынын тизмесинде талапкер болуп катышкан.

Ал убактылуу башкарган Жалал-Абад санаторийинде жетекчинин ордуна байланыштуу талаш-тартыш 2017-жылдан бери токтобой келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG