Жапаровдун кортежиндеги автоунаа кабылган кырсык иликтенет

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждеги бир автоунаанын кырсыкка кабылышына байланыштуу кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, иликтөөнү Ысык-Көл облустук прокуратурасы жүргүзүп жатат.

4-июнда Жапаровду коштоп бараткан автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылында каршы тилкеге чыга калган жеңил машина менен сүзүшкөн. Баштапкы маалыматта айтылгандай, каршыда келаткан машинанын айдоочусу мас болгон.

Аварияда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) 9-кызматынын бир офицери каза болуп, үч адам жабыркаганы расмий кабарланган.

Дагы караңыз

Адвокат Атамбаев чукул операцияга муктаж экенин айтты Садыр Жапаров Чүй облустук сотунун төрагасын сындадыБелгилүү куудул Рахман Разыков дүйнө салдыЖалал-Абад мэрлигине Эрнисбек Ормоков кайра шайландыЕБ чек ара жаңжалында жабыркагандарга жардам беретCOVID-19: беш бейтап каза болду, оору 362 адамдан аныкталдыТажикстан Унжу-Булакка койгон контейнерин жүктөп кеттиКазакстан Батыштын санкциялары тууралуу Орусиянын сунушун четке какты