Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Адвокат Атамбаев чукул операцияга муктаж экенин айтты


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев операцияга муктаж болуп жатканын анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, Атамбаев омурткасындагы грыжадан кыйналып жатат жана жүрөгүн дагы дарылатуу керек.

"№47 колонияда ал толук кандуу медициналык дарылоодон өтө албайт", - деди Жоошев.

Мурдагы президенттин тарапкерлеринин айтымында, анын саламаттыгына байланыштуу экспертиза бир айдан бери аягына чыкпай турат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул жаатта тактоо иштеринен соң комментарий берилерин билдирди.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаев 2019-жылы камалган.

Алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отуруп, кийин ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №47 абакка которулган. 2020-жылдын июнунда ал пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан. Жактоочулары Атамбаев кан басымы төмөн болгондуктан дарыланууга муктаж экенин билдиришкен жана аны камактан бошотууну бир нече жолу өтүнүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG