Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Жалал-Абад мэрлигине Эрнисбек Ормоков кайра шайланды


Эрнисбек Ормоков.
Эрнисбек Ормоков.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары калаа мэрлигине Эрнисбек Ормоковду кайра шайлашты. 7-июндагы шайлоодо Ормоков шаар башчылыгына ат салышкан жалгыз талапкер болду. Шаардык кеңештеги 31 дептутаттын 29у сессияга катышып, бир добуштан аны колдошту.

Ормоков былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмесинде катышкан.

Былтыр октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын митинги башаламандык менен коштолуп, өлкөдө бийлик алмашкан. Ошол окуяларда айрым район-шаарлардын жана мекемелердин жетекчилери кызматын тапшырып, жаңылары дайындалган. Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев да кызматтан кеткен.

Ормоков 3-декабрдан бери мэрдин милдетин аткарып келди. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG