Дүйнөлүк банк: экономикада өсүш күтүлүп жатат

Быйыл глобалдык экономика 5,6% өсөт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу 8-июнда Дүйнөлүк банк билдирди. Жаңы прогноз финансылык институт январда чыгарган болжолдуу санактан 1,5% жогору. Бул –дүйнөлүк экономиканын рецессиядан чыгуусунун эң кубаттуу көрсөткүчү.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу соода, ишкердик токтоп, эл үйдө отуруп калганда глобалдык экономика төмөндөп кеткен.

Дүйнөлүк банктын божомолунда, эми АКШнын экономикасы 6,8% өсөт. Январда бул сан 3,5% деп көргөзүлгөн. Кытайдын экономикасын 8,5% сүш күтүүдө. Бирдиктүү валютаны колдонгон европалык өлкөлөрдө экономика 4,2% жогорулайт.

Банктын отчетунда алдыңкы экономикалардын 90% пандемияга чейинки деңгээлге эмки жылы кайтары болжолдонгон. Ал эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч абдан төмөн. Маалыматка караганда, ал өлкөлөрдө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйүп, эмдөө жараянына тоскоолдуктар көп болууда, мамлекеттик колдоо программалары токтоп калган.

Дагы караңыз

Чуулгандуу тасма, сотторго сынМладичтин өкүмү өзгөртүлгөн жок Казакстан аскердик жардамдын чоо-жайын түшүндүрдүАлматы: Шинжаң саясатына каршы чыккандар жазаландыЭнергетика жана өнөр жай министри Турдубаев кызматтан бошотулдуНур-Султандын аскердик жардамы талкууга түштү