Бишкекте угуусу начар 29 өспүрүмгө акысыз операция жасалат

Иллюстрациялык сүрөт.

Катар өкмөтү Кыргызстандагы угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 29 өспүрүмгө акысыз операция жасоого көмөктөшөт.

Бул тууралуу 14-июнда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Байшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушуусунда маалым болду.

Анда элчи 23-июнда катарлык дарыгерлер кохлеардык имплант операциясын жасоо үчүн Кыргызстанга келерин билдирди. Операциялар Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда жасалат.

Маалыматка ылайык, Катар мамлекети жалпы 150 кохлеардык имплант бөлүп берди. Ушул жылдын аягына чейин 50 операция жасалат. Калганы алдыңкы эки жылда ишке ашырылат. (MiK)

Дагы караңыз

Куршабда айыл өкмөт шайлоого каршы митинг болду"Озодлик": Мирзиёевдин күйөө баласы 6 миң долларга кеңсе буюмдарын алганБеларус бийлиги камактагы Протасевичти маалымат жыйынга чыгардыНовосибирскидеги жарылуудан 26 адам жабыркады (видео)Ошто шайлоо өнөктүгү баштала электе милицияга төрт арыз түштүУКМК журналисттин дронун кайра бердиТокаев менен Халилзад Ооганстандагы коопсуздукту талкуулады