ИИМ: Инанды боюнча тергөө иштери азырынча айтылбайт

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын Жогорку Кеңештин астындагы митинги. 03.06.2021

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны укук коргоо органдарынын 1000 кызматкери издеп жатканын билдирди.

Мекеме тергөөнүн кызыкчылыгын негиз кылып, мугалимди издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери тууралуу азырынча ачык айтылбай турганын кошумчалады.

Орхан Инанды Кыргызстанда 16 “Сапат” лицейин, эл аралык “Ала Тоо” университетин, “Силк Роад” мектебин жана төрт толук эмес жалпы билим берүү мектебин түптөгөн адамдардын бири. Ал 31-майдан бери дайынсыз болууда. Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. Инандыны Интерпол да издеп жатат.

Теги түркиялык мугалим 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле кезде Түркиянын да жарандыгынан чыккан эмес. Орхан Инандынын тарапташтары аны тезирээк табууну талап кылып Бишкекте бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөрүштү. (BTo)

Дагы караңыз

Мал-жандыкты сыртка сатууга коюлган чектөө алынмай болдуМинистр: Электр энергиясы боюнча тариф президент менен макулдашылганБишкекте вице-мэрлер алмашты Кыргызстандын мамлекеттик карызы беш миллиард долларга чамаладыКыргызстанга келген тикелей инвестиция 24,4 пайызга азайды