Өлкөдө 1700дөн ашык киши гемодиализ алат

Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы гемодиализ борбору.

Кыргызстанда ушул тапта 1 783 киши 33 медициналык мекемеде гемодиализ алып жатат. Бул тууралуу 21-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Кыргызстандагы бөйрөк кемтигинен жабыркагандардын көйгөйү гемодиализ жабдуусуна байланышкан. Өлкөдө трансплантация ишке ашпагандыктан бейтаптар 30-40 миң доллар топтоп, чет өлкөлөргө барып операция жасатууга мажбур болушат.

Бөйрөк кемтигинен жабыркагандар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, канын тазалатып турат. (BTo)

Дагы караңыз

Коомдук ишмерлер Бабановдун иши боюнча президентке кайрылдыАзия өнүктүрүү банкы бизнести өнүктүрүүгө 80 миллион доллар беретКыргызстанда курулуш материалдары 10,5% кымбаттадыАйтыш-2021: сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды (видео)Жапаров менен Козак вакцина маселесин талкуулады