COVID-19: Министрлер кабинети чукул жыйынга чогулат

Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Министрлер кабинети кезексиз жыйынга чогулат.

Бул тууралуу 23-июнда Улукбек Марипов өткөргөн өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде айтылды. Анда эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланган.

Ушул күндөрү Кыргызстанда күн сайын 700-900 киши коронавирус жугузуп алганы расмий аныкталып жатат. Ооруканаларда 2 миңден ашык киши оору менен алышууда. Алардын 100дөн ашыгынын абалы өтө оор.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 120 миңге жакындады. 106 миңден ашыгы сакайды. Вирустун курмандыктары 2 миң кишиге чамалады.

Коронавируска каршы 92 миңден көбүрөөк киши эмделди. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Кыргыз өкмөтү вакциналардын кошумча дозасын күтүп жатат. (MiK)

Дагы караңыз

Дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 180 миллионго жакындап калдыЕвро-2020: Тайпалык оюндар жыйынтыкталдыАлтыбаева: Депутаттар июлда дагы ишин улантатКулов: Октябрь окуялары боюнча Жээнбеков үн катыш керекЖапаров: Вакцина чыгарам деген ишканаларга жеңилдик берилетОоган-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калуудаСариев: Депутатты чакыртып алуу чоң тобокелчилик жарататБритания кемеси орусиялык күчтөрдүн эскертүү аткылоосуна тушукканын төгүндөдү