Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрүндө расмий сапар менен Түркмөнстанда болду. Ал сапардын биринчи күнү, 27-июнда Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышты.
28-июнда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, эки өлкөнүн президенттери биргелешкен бизнес долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол коюшту.
Андан тышкары күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашты.
Садыр Жапаров 28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын жыйынтыктап, Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына расмий сапары менен жөнөп кетти.
Дүйшөмбү шаарында ал тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт. Кыргыз президентинин Тажикстанга сапары 28-29-июнь күндөрү болот. (BTo)
Дагы караңыз
Коронавирустун "дельта" штаммынан улам дүйнөдө чектөөлөр кирдиТажикстан: жумушчулар кытайлык компанияга нааразы Кыргызстан Түркмөнстандан газ, электр энергиясын алат"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси алмашты29-июндун аба ырайыКумтөр-2012: тогуз саясатчыны толгогон иш