Орусиялык кинорежиссер Владимир Меньшов коронавирустан каза болду

Владимир Меньшов жубайы актриса Вера Алентова

Москвада коронавирустан улам белгилүү кинорежиссер Владимир Меньшов каза болду. Ал 81 жашта болчу. Июндун аягында кинорежиссер СOVID-19 вирусун жугузуп, дарылынып жатканы кабарланган.

Владимир Меньшов "Сүйүү жана көгүчкөндөр" ("Любовь и голуби"), "Ширли-мырли" жана "Москва көз жашка ишенбейт" ("Москва слезам не верит") сыяктуу фильмдерди тарткан.

"Москва көз жашка ишенбейт" фильми 1981-жылы "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясында "Оскар" сыйлыгына татыган. Меньшов актер катары 120дан ашык тасмага тартылган.

Режиссер 2003-жылы бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясына мүчө катары кирип, президенттик шайлоодо Владимир Путиндин ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Дагы караңыз

COVID-19: Казакстанда вирус жугузгандар кескин көбөйдүОрусиялык хакерлер шектелген киберчабуулдан миңдеген компаниялар жабыр тарттыПарламентте Кыргызстандын Түркиядагы элчисине сын айтылдыКыргызстан коронавируска каршы эмдөө боюнча 160-орунда туратВирус жугузгандар жана курмандыктар көбөйдү