Түркия: эмдөө сертификатын алгандардан ПЧР-тест талап кылынбайт

Мындай маалыматты "Түрк аба жолдору" компаниясынын расмий сайтында жарыяланды. Анда 14 күн мурун коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган сертификат (англисче котормосу менен) алган жарандар Түркияга кирерде ПЧР-тест тапшырбай турганыжазылган.

Компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Азаттыкка" эмдөө сертификатын алган кыргызстандыктар Түркияга тест тапшырбай кире аларын жана кайра Бишкекке учуп келерин ырастады.

Бул эреженин транзит аркылуу учуп жаткан жүргүнчүлөргө тиешеси жок.

Бангладеш, Бразилия, Түштүк Африка, Индия, Непал жана Шри Ланкадан учуп келген жүргүнчүлөр Түркияга кирерде сөзсүз ПЧР-тестин тапшырууга милдеттүү.

Түркияда 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынган. Бирок акыркы апталарда өлкөдө вирус жугузуп алгандар эселеп көбөйдү.

Расмий эсепте өлкөдө COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 51 253 кишиге жетти. Ооруга чалдыккандар 5 миллион 700 миңден ашты. Дагы 5 миллиондон ашык бейтап коронавирустан сакайып чыкты. (ElB)

Дагы караңыз

Кабул: "Талибандын" өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшөтДепутат Акаев ооган студенттерине виза берүүгө чакырды Ооганстан: талибдер Кабулга кирди, Гани өлкөдөн чыгып кеттиПакистан Ооганстан менен чек арасындагы өткөрмө бекетти жапты"Талибан" Кабулга күч менен кирбей турганын билдирди Маршал Дустум Өзбекстандын Термез шаарына качты