Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:39

Ооганстан: талибдер Кабулга кирди, Гани өлкөдөн чыгып кетти


Кабулдун дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан "Жашыл аймагы", 15-август 2021-жыл.
Кабулдун дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан "Жашыл аймагы", 15-август 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы соңку 20 жылда биринчи жолу баш калаа Кабулга кирди. Жоочулар президенттик сарайды ээлегени белгилүү болду. Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.

Ооган президенти Ашраф Гани "кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн" өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Ал дүйшөмбүгө караган түнү "Фейсбукка" өз кайрылуусун жарыялап, оор чечимди кабыл алууга туура келгенин белгиледи.

Ал эгерде Кабулда кала берсе, "көп адам мерт болуп, баш калаа кыйроого учурамак" деп айтты.

"Талибдер кылычынын жана мылтыгынын өкүмү менен жеңип чыкты. Эми алар мекендештеринин намысы, мүлкү жана коопсуздугу үчүн жооптуу", - деп жазды Гани.

Буга чейин Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла президент өлкөдөн чыгып кеткенин ырастап, анын кадамын сынга алган болчу.

"Ал оор кырдаалда Ооганстандан чыгып кетти. Кудай өзү жоопко тартсын. Эл өзү баа берсин", - деп билдирген Абдулла.

Ашраф Гани бир нече күн мурда эле түндүктөгү Мазари-Шариф шаарына келип, ооган аскерлерин шыктандырууга аракет кылган.
Ашраф Гани бир нече күн мурда эле түндүктөгү Мазари-Шариф шаарына келип, ооган аскерлерин шыктандырууга аракет кылган.

Гани кайсы өлкөдө экенин так айткан жок. "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) Гани Душанбеге келгенин кабарлады. Бул маалыматты Тажикстандын өкмөтүнө жакын эки булак ырастады. Аттарын атабаган бул адамдар Гани жакын арада үчүнчү өлкөгө чыгып кетерин билдиришти.

Талибдер президенттик сарайды ээледи

15-августта эртеден бери Кабулду курчап турган "Талибан" кыймылы кечке жуук ооган баш калаасына кирди. Аны улай Кабулдагы президенттик сарай талибдердин колуна өткөнү белгилүү болду. Жекшембинин кечинде "Аль-Жазира" телеканалы президенттик сарайдан түз алып көрсөттү.

Видеодон талибдердин лидерлери куралчан адамдардын коштоосунда мурда президент Ашраф Гани отурган бөлмөдө топтолуп турганын көрүүгө болот. Кыймылдын өкүлдөрү президенттик сарай кан төгүүсүз талибдердин көзөмөлүнө өткөнүн билдиришти.

"Талибандын" басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30дар чамасында билдирүү таратып, талибдер шаардын коопсуздук күчтөрү таштап кеткен аймактарын өз көзөмөлүнө ала турганын маалымдаган. Ал мындай чечим Кабулдагы талап-тоноочулукту алдын алуу үчүн кабыл алынганын белгилеген.

"Биздин күчтөр Кабул шаарына этияттык менен кирип жатат", - деп айткан Забиулла Мужахид.

Ага чейин "Талибан" кыймылы Кабулду "күч менен" албай турганын, калаага сүйлөшүүлөр аркылуу, тынч жол менен кире турганын кабарлаган.

Ооганстандын Жалалабад шаарындагы талибдер. 15-август, 2021-жыл.
Ооганстандын Жалалабад шаарындагы талибдер. 15-август, 2021-жыл.

Ооганстандын ички иштер министри Абдул Сатар Мирзаквай видео кайрылуусунда Кабул өткөөл өкмөткө өткөрүлүп берилиши мүмкүндүгүн айткан эле. Аны улай "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү маселеси боюнча ооган өкмөтү менен сүйлөшүп жатканы кабарланган.

Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңештин төрагасы Абдулла Абдулла, мурдагы талаа командири Гүлбиддин Хекматияр менен бирге координациялык кеңеш түзгөнүн, бул кеңеш бийликти өткөрүп берүү маселеси менен алектене турганын "Твиттерге" жазды.

Батыш дипломаттарын эвакуациялап жатат

Кошмо Штаттар баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү Ооганстандагы дипломаттарын чыгарып кетип жатат. Канаданын Тышкы иштер министрлиги Кабулдагы дипломатиялык аракеттерин убактылуу токтотконун, ал жактагы кызматкерлери мекенине кайтып келе жатканын жарыялады.

Нидерланд Кабулдагы элчилигин шаардагы эл аралык аэропортко жакын жерге көчүргөнүн, ооган котормочуларын жана жергиликтүү кызматкерлерди эвакуациялоо аракети жүрүп жатканын билдирди.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, 15-августта Кабулдагы немис элчилиги жабылып, кызматкерлер Кабулдун аэропортундагы аскердик жайда ишин уланта турган болду. Ооганстандагы немис жарандарын жана Германиянын институттары менен иштешкен ооган атуулдарын эвакуациялоо иши тездеди.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америкалыктардын Кабулдан чыгып кетип жатышын Вьетнам согушуна салыштырган билдирүүлөрдү четке какты. Ал АКШнын Ооганстандагы миссиясы ийгиликтүү болгонун 15-августта ABC телеканалына курган маегинде билдирди.

"Бул Сайгон (Хошимин) эмес. Биз 20 жыл мурда Ооганстанга бир миссия менен барганбыз. Бул бизге [2001-жылы] 11-сентябрда чабуул койгон адамдардын маселесин чечүү болчу. Ал миссия ийгиликтүү болду", - деди ал.

Британ күчтөрү эвакуациялоо жараянына жардам берүү үчүн Кабулга учуп келишти, 15-август 2021-жыл.
Британ күчтөрү эвакуациялоо жараянына жардам берүү үчүн Кабулга учуп келишти, 15-август 2021-жыл.

Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кабулга кошумча 1 миң аскер жөнөтүү чечимин кабыл алган. 12-августта да америкалык аскерлердин Ооганстандан "ыраттуу жана коопсуз" шартта чыгып кетишин камсыз кылуу максатында кошумча 3 миң жоокерди жөнөтүлөрү белгилүү болгон. Бул аскерлер Кабулдагы дипломаттарды кайтарып жаткан 650дөй жоокерге кошулмакчы.

Байден Кабулга кошумча аскерлер убактылуу жөнөтүлөрүн жарыялаган билдирүүсүндө АКШнын өз күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетүү чечимин коргоду.

"Биздин өлкө Ооганстандагы согушка сарптаган 20 жылында Америка эң мыкты улан-кыздарын ал жакка жөнөттү. 1 триллион доллардан ашык каражат салды. 300 миңдей ооган аскерин жана полиция кызматкерлерин машыктырып, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдыды", - деди Байден.

Ал АКШнын Ооганстандагы миссиясын узартууга каршы экенин кошумчалады.

"Дагы бир жыл болобу, же беш жыл болобосу, эгер ооган армиясы өз өлкөсүн кармап тура албаса же кармабай турган болсо, АКШнын ал жакта болгону эч өзгөрүү жасайт албайт. Американын башка өлкөдөгү жарандык согуштун чордонунда түбөлүккө кала бериши мен үчүн кабыл алынгыс", - деди АКШ президенти Байден.

"Талибандын" дүбүртү

АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тарта чыгарып кете баштаган. Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны 11-сентябрда аяктай турганы кабарланган. Бирок америкалык акыркы аскерлер ушул айдын аягында эле Ооганстандан толук чыгып кеткени жатат.

Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны башталгандан бери талибдер Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулдарын күчөтүп, июнь-июль айларында бир топ ооган райондорун, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш аймактарды басып алган.

Алар 6-августта Ооганстандагы алгачкы провинциянын борбор шаарын ээлешкен. Андан бери аймак борборлору четинен талибдердин колуна өтө баштады. Айрым шаарларды жоочулар эч каршылыксыз ээлеп алганы кабарланды.

Газни шаарында талибдерге багынып берген ооган аскерлери, 13-август 2021-жыл.
Газни шаарында талибдерге багынып берген ооган аскерлери, 13-август 2021-жыл.

15-августта "Талибан" кыймылы өлкө чыгышындагы ири Жалал-Абад шаарына көзөмөлүн орнотту. Андан 24 саатка жетпеген убакыт мурда талибдер түндүктөгү эң ири Мазари-Шариф шаарын ээлеген. 14-августта эле ооган президенти Ашраф Гани бул шаарга келип, өкмөттүк күчтөрдү шыктандырууга аракет кылган.

Мазари-Шариф талибдердин колуна өткөндөн кийин бул аймактагы өзбек тектүү ооган жарандарынын таасирдүү кол башчысы Абдул Рашид Дустум Өзбекстандын Термез шаарына кире качканы кабарланды. Термез шаары өзбек-ооган чек арасынан 10 чакырым аралыкта жайгашкан.

Дүйнөнүн реакциясы

Эстония менен Норвегия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүн Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрүүгө үндөдү. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Замир Кабулов Москва мындай жыйынды уюштурууга аракет кылып жатканын айтты.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Ооганстандагы кризисти талкуулоо үчүн парламентти жайкы тыныгуусун токтотуп, сессия өткөрүүгө чакырды. Буга чейин Британия Ооганстанды таштап койбой турганын билдирип келген Жонсон жекшембидеги маегинде дүйнө өлкөлөрү талибдерди ооган өкмөтү катары тааныбашы керек экенин айтты.

НАТО "Ооганстандын дүйнө менен байланышын камсыз кылуу үчүн Кабул аэропортундагы операцияларды улантууга жардам берип жатканын" жарыялады.

Жекшемби күнү Бишкек убактысы боюнча кечки саат алтыга жакын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Кабулдагы кыргыз элчилиги кадимки тартипте иштеп жатканын кабарлаган.

“Министрлик Ооганстандагы окуяларга жана аскердик-саясий кырдаалга кылдат көз салып жатат. Кабулдагы элчилик кадимки тартипте иштөөдө. ТИМ жана элчилик Ооганстанда убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта болууда жана алардын коопсуздугу, эвакуациясы боюнча бардык аракеттерди көрүүдө”,- деп жазылган билдирүүдө.

15-августта Өзбекстандын өкмөтү чек арадан өтүп келген 84 ооган аскери кармалганын билдирди. Өзбек Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, качкын жоокерлерге тамак-аш берилип, медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда өзбек өкмөтү аскерлерди артка кайтаруу тууралуу Кабул өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.

Ал арада коңшу Пакистан Ооганстан менен чек арасындагы Торхам өткөрмө бекетин жапты. Чек аранын бул аймагы талибдердин колуна өткөн.

Пакистандын ички иштер министри Шейх Рашид Ахмад бул чечим чек аранын экинчи тарабындагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын айтты. Ал чек ара ооган полициясы талибдерге багынып бергенден кийин жабылганын кошумчалады.

Пакистандын бийлиги буга чейин эле жаңы ооган качкындарын кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG