Баткен: базардын жанындагы күркөлөр өрттөнүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен шаардык өрт өчүрүү кызматынан өрт чыккан жерде эки бригада иштеп жатканы анык болду. Азырынча тилсиз жоо чектөөгө алына элек.

Социалдык тармактарда Баткендеги борбордук базарга туташ көчөдөгү соода күркөлөрү өрттөнүп жатканы тууралуу тасмалар тарады.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, өрт 29-августта кечке жуук чыккан.

Өрттүн себеби жана андан жапа чеккендер тууралуу азырынча маалымат жок.

Дагы караңыз

Кабул аэропортуна чукул жердеги үйгө ракета тийди Миңдей оогандык качкын Кулябдын аэропортунда турганы кабарландыЖапония Курил аралынан сүзүп барган орус жаранына баш калка бербейт"Чек арасыз кабарчылар": маалымат мыйзамы сөз эркиндигине каршы келетФранциянын президенти Ирактын Мосул шаарына бардыАйбалаев: алдыңкы 30 жылдагы милдетибиз - Баткенди сактап калуу Дашковдун ооруканага которулушунан улам УКМКнын кызматкерлери иштен четтетилди