COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 58 жаңы учур катталды

Бишкектеги лаборатория.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 28-сентябрда Кыргызстанда COVID-19 вирусунан эки бейтап каза болуп, 58 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды.

Бишкек - 30
Ош шаары - 1
Чүй облусу – 14
Ош облусу – 2
Нарын облусу - 1
Ысык-Көл облусу – 10
Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында вирус жуктургандар катталган жок.

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 178 375 адам болду. Оорудан 173 005 адам айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү 476 адам ооруканада, 811 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда бул илдеттен каза болгондордун расмий саны 2604 кишиге жетти. (ZKo)

Дагы караңыз

"Спутник V" вакцинасы менен эмделгендер АКШга кире албайтОрусиядагы "миграциялык жеңилдик" 30-сентябрда аяктайтЖо Байден үчүнчү ирет эмделдиӨзбек-ооган чек арасындагы атышуудан аскер окко учтуОоганстан БУУнун Башкы ассамблеясына кайрылуу жасабайтЧек арадагы кармоолор, кыргыз бийлигине жолдонгон кат "Озоди": Тажикстан кыргызстандык эки өспүрүмдү кармабаганын билдирдиКоронавирустан каза болгондордун көбү Бишкек менен Чүйдө