"Хизб ут-Тахрир" кыймылынын түштүктөгү лидери кармалды

Ош облусунун Кара-Суу шаарында "хизбутчу" деп шектелген адамдын үйүнөн УКМК тапкан адабияттар жана буюмдар. 2017-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери "Хизб ут-Тахрир" кыймылынын түштүктөгү лидерин кармашты. Ал кыймылдын жашыруун тармагын түзгөн деп шек саналууда.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган адам Өзбекстандын жараны. Мекенинде издөөгө алынган. Кыргызстанга жасалма документ менен киргени аныкталды.

Мекеменин басма сөз кызматы шектүү 4-ноябрда Ош шаарында, өзүнүн пикирлештери менен "Хизб ут-Тахрир" кыймылынын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана бекемдөө чаралары менен алектенип жаткан учурда кармалган.

Ал УКМКнын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

"Хизб ут-Тахрир" - Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын бири.(ZKo)

Дагы караңыз

Тажикстанда сабалган келин үчүн аткаминерлер иштен кеттиТалас: Талапкер Назарбековго байланыштуу маалыматты милиция териштирет"Клооп Медианын" дооматы, Боршайкомдун жүйөсүШайлоо: Талапкерге берилген акча талкууну күчөттү Польша Беларус менен чыгыш жактагы чек арасын жабатАкылбек Жапаров Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен инвестициялык кызматташтыкты талкууладыМилиция кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалдыОрусияда коронавирустан каза тапкандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти