Бишкекте 4,6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөрү эскертилди

Иллюстрациялык сүрөт.

«Түндүкэлектр» ишканасы Бишкекте миңдеген абонентинин жарыгын өчүрөрү тууралуу эскертүү берди. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-ноябрдан тартып дебитордук карызы бар 4600 абоненттин электр жарыгы автоматтык түрдө аралыктан өчүрүлө баштайт.

“Шаар боюнча абоненттердин дебитордук карызынын жалпы суммасы 12,1 миллион сомду түзүүдө”, - деп билдирди “Азаттык” радиосуна ишкананын басма сөз катчысы Мээрим Жусупова.

Мындай эскертүү ноябрь айында экинчи ирет берилип жатат. Айдын башында карызы бар 6 миң абоненттин электри өчүрүлөрү айтылган.

Кыргызстанда быйылкы кыш электр энергиясынын тартыштыгы шартында башталууда. Бишкекте үч фазалуу эсептегичтерге пломба коюлуп жатат. (RK)

Дагы караңыз

Байсалов талкуу жараткан сөзү туура эмес чечмеленип жатканын айттыПрессаны колдоого мамлекеттен каражат бөлүнөрү айтылдыӨкмөт жарандык уюмдардын чыгымын каржылоону убада кылдыУКМК: Тергөөчүлөр пара алууга шектелип кармалдыБШК: арыздардын көбү Бишкек менен Ошто