Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

БШК: арыздардын көбү Бишкек менен Ошто


 Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

14-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жалпы 78 арызды каттады. Бул арыздардын теңинен көбү Бишкек шаары жана Ош облусунан катталган. Мындан сырткары үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 8 талапкер катталып, аларга карата Борбордук шайлоо комиссиясы кат жүзүндө эскертүү берген.

Бирок айрым саясат талдоочулар БШК каттап жаткан арыздар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпей турганын, андан көрө добуш сатып алуу фактыларына катуу көңүл буруу зарылдыгын айтууда.

"Добуш саткандар соттолуп кетесиңер"

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Үгүт иштери өлкөдө 29-октябрда башталган. Бул жолку шайлоо аралаш система менен өтүүдө. Апта соңунда президент Садыр Жапаров өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу билдирүү таратып, добуш сатып алгандар жана өз добушун саткандар мыйзамга ылайык жазаланарын дагы бир жолу эскертти.

“Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин”, -деп жазылган кайрылууда.

Бийлик шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартылат деп эскертүүдө.

Үгүт иштери башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы 78 арыз түшкөн. Бул арыздардын теңинен көбү Бишкек шаары жана Ош облусунан.

  • Бишкек шаары боюнча – 25 арыз
  • Чүй облусу – 9
  • Ош облусу – 23
  • Жалал-Абад облусу – 7
  • Нарын облусу – 4
  • Баткен облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 7
  • Талас облусу – 2

“Шайлоочулардын добушун сатып алуу аракети тууралуу 28 арыз, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдөгү эрежелерин бузуу тууралуу 25 арыз жана административдик ресурстарды колдонуу тууралуу 14 арыз түшкөн. Мындан сырткары аймактык шайлоо комиссиясы, талапкер тууралуу жалган маалымат, талапкерди каттоону жокко чыгаруу жана башка ушул сыяктуу арыздар бар. Сотко 2 иш жөнөтүлдү, сотко чейинки өндүрүш иштери дагы 6 арыз боюнча жүрүп жатат. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 8 талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилди”,-деп БШКнын ырасмий катында жазылган.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилген талапкерлер:

  • Нурбек уулу О. (№32 Кочкор шайлоо округу)
  • Талипов Н. (№3 Кадамжай шайлоо округу)
  • Ташиев Ш. (№14 Жалал-Абад шайлоо округу)
  • Бегалиев Б (№25 Аламүдүн шайлоо округу)
  • Бекешев Д. (№28 Октябрь шайлоо округу)
  • Мамыров К.(№31 Чүй-Кемин шайлоо округу)
  • Райымкулов Б. (№22 Жайыл шайлоо округу)
  • Примов У. (№11 Алай шайлоо округу).

Алай шайлоо округунан талапкер Замирбек Божонов Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылгандардын бири. Арызында ал 11-ноябрда Оштогу “Ош Пирим”телерадиокомпаниясынын башкы директору Абай Нур Большевиков өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасында ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген такталбаган маалыматтарды таркатты деп жазган.

“Мени менен бир округдан талапкерлигин койгон Улан Примовдун атасына таандык телеканалдын журналисттери “Фейсбук” социалдык тармагы аркылуу каралап, абийириме шек келтирген билдирүүлөрдү жазган. Жакынкы күндөрү укук коргоо органдарына да кайрылайын деп, алар интернетте чыгарган постторду көчүрүп алдым. Буга укуктук баа берилиши керек”,-деди Божонов.

Ал эми телеканалдын жетекчиси Абай Большевиковдун айтымында, Божоновго жамаат тарабынан атайын каралоо болгон эмес, айрым кызматкерлер гана өз пикирлерин жазган. Ал мындай айыптоону четке какты.

Большевиков талапкер Замирбек Божонов жана анын тарапташтары да адамдын абийрине шек келтирген билдирүүлөрдү жазганын кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

"БШК арыздарды кеч карап жатат"

14-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясынын арыз-даттануулар боюнча реестрине жалпы 78 арыз катталган. БШК эки же андан көп эскертүү алса, талапкердин каттоосу алынарын белгиледи. Эгерде добуш сатып алганы аныкталса, дароо талапкерликтен четтетилет.

Мындан сырткары үгүт эрежелерин бузган 9 талапкер жана жарандарга БШК 67 500 сом өлчөмүндөгү айып пул салган.

Алардын бири Жогорку Кеңешке “Ынтымак” партиясынан талапкер Алмамбет Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салды.

Шыкмаматовдун үстүнөн Социал-демократтар партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев арызданган. Ал парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү ырасмий баштала электе Коомдук биринчи канал “Биздин айыл” деген 25 мүнөттүк берүү көрсөткөнү, анын басымдуу бөлүгүн Шыкмаматов менен маек ээлегени билдирген.

БШК Таалай Усубалиевдин арызын карап, телеканал Шыкмаматовдун парламенттик шайлоого бара жатканын жана видеодо мөөнөтүнөн мурда үгүт иштеринин белгилери бар экенин эске алышы керек болчу деп белгилеген. Боршайком мыйзам бузуу үчүн Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салып, Коомдук биринчи каналга оозеки эскертүү берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардан түшкөн арыздарды караган жумушчу тобуна “Ата Журт” партиясынын үстүнөн ушул жуманын соңунда “Таза шайлоо” ассоциациясынан арыз түшкөн. Анда аталган ассоциация бул партия Кара-Суунун стадионунда өткөн шайлоочулар менен жолугушуу учурунда шайлоочуларды атайы ташып келип жатканын жана айрым кичи автобустарда партиянын агитациялык постерлер чапталганын белгилеген.

Азыр арызда жазылгандар боюнча материалдар ИИМге текшерүүгө жөнөтүлдү.

Аралаш система менен өтүп жаткан парламенттик шайлоодо үгүт өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү, талапкерлердин ага даярдыгы боюнча укук коргоочу Динара Ошурахунова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, БШКнын ишин сынга алды.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

“БШК канчалык көз карандысыз чечимдерди кабыл ала турганын көрөбүз. Бийлик административдик ресурсту колдонбой, басым жасаганы да ошол жерден байкалат. Азыр арыздар түшүп жатат. Бирок БШК аябай жай, кеч карап жатат. Эрежелерди кантип талдай турганын, баарына тең карайбы же бирөөнүкүн башкача чечип койобу, же оюндар болуп, басым жасап атабы, жокпу ошол жерде байкалат. Мисалы, Талант Мамытовго байланыштуу БШКнын чечимин колдойм. Туура суроо көтөргөн. Сот анын чечимин жокко чыгарып салып жатат. Соттун дагы ролун караш керек”,-дейт Динара Ошурахунова.

Саясий серепчи Эмилбек Жороев бул жолку үгүт иштери мурдагыдай активдүү өтпөгөнүн жаңы мыйзамдар менен байланыштырды.

“Бул жолку шайлоо жаңы мыйзам менен өтүп жатпайбы. Талапкерлер мурдагыдай көнүмүш адат менен добуштарды сатып алуу деген нерсени унутпай турат. Азыр шайлоонун эрежелерин бузду дегенде - буга чейин угуп келе жаткан майда бузууларды, мисалы, “студенттерди үгүт иштерине аралаштырды, мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин баштады” деген сыяктуу арыздарга так карап жатабыз. Бирок мындан да бир катар маанилүүсү - добуш сатып алуу фактылары. Себеби, студенттерди аралаштырды деген сыяктуу мыйзам бузуулар шайлоонун жыйынтыгына таасир бербейт. Ошондуктан добуш сатып алууну мамлекет, өкмөт, талапкерлер жана айрыкча бейөкмөт уюмдар абдан жакшы карашы керек. Азыр БШК каттап жаткан арыздар салыштырмалуу эч нерсе болбой калат".

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG