ДССУ: мартка чейин Европа калкынын теңинен көбүнө "омикрон" жугат

Иллюстрациялык сүрөт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, мартка чейин Европа калкынын жарымынан көбүнө коронавирустун жугушу мүмкүн. Бул тууралуу уюмдун Европа боюнча бөлүм башчысы Ханс Клюге 11-январда билдирди.

Уюмдун Европа аймагына 53 мамлекет жана Борбор Азия кирет. Клюге азырынча коронавирустун “омикрон” штаммы каттала элек өлкөлөрдү санитардык чараларды киргизүүгө чакырды. Ал өзгөчө аялуу топторго кирген адамдарды коргоого чакырды.

Кыргызстанда “омикрон” штаммы катталганы 12-январда расмий маалымдалды. Акыркы бир суткада коронавирусту 465 адам жуктуруп, беш айдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. Бир күндө эки киши оорудан көз жумду.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш вице-спикерлерди шайлап жатат Адахан Мадумаров парламент жыйыны кеч башталганын сынга алды (видео)Бишкек шаардык соту Калмаматовдун бөгөт чарасын кароону жылдырдыСудья Токтосунов Калмаматовдун бөгөт чарасын кароодон баш тартты