Түркияда статистика институтунун жетекчиси инфляция тууралуу ачык маалыматтан соң иштен алынды

Акча алмаштыруучу жайга кезек күткөн кардарлар. Анкара. 20-декабрь, 2021-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик статистика институтунун башчысы Саир Динчерди кызматтан кетирди.

Президенттин жарлыгы статистика институтунун Түркияда учурда инфляциянын деңгээли 19 жылдан бери эң жогорку чекке жеткени тууралуу расмий маалыматынан кийин чыкты. Жарлыкта кызматтан алуунун себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Динчердин ордуна аталган кызматка Эрхан Четинкай дайындалды.

Мамлекеттик статистика институту 3-январда Түркиядагы инфляциянын деңгээли бир жыл мурункудан 36,1% өскөнүн жарыялап, бул акыркы 19 жылдагы эң жогорку чек экенин жазып чыккан. Бул маалыматтан кийин Саир Динчерди өкмөт да, оппозиция да сынга алган.

Оппозиция Динчердин институту инфляциянын деңгээлин эки эсе азайтып көрсөттү деп сындаса, бийлик бул маалыматтарда Түркиядагы экономикалык кризистин деңгээли кыйла көбүртүлгөн деп айыптаган.

Серепчилер Түркияда инфляция президент Эрдогандын Борбордук банктын ишине кийлигишүүсүнөн улам тереңдеп жатканын айтып келишет.

Дагы караңыз

Ташиев эвакуацияланган тургундар үй-жайына кайтып жатканын билдирдиТашиев: №39 протокол боюнча Ворухка жол куруу маселеси каралатТашиев: Чек арадагы эл үйүнө кайта баштадыТашиев: Ворухка жол курууга уруксат берүү маселеси жакында каралатАКШ мамдепартаменти кыргыз-тажик чек арасындагы зомбулуктун жанданышына кабатырБаткен: кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын иши жандантуу чечилдиКара-Сууда ала качууга шек саналып төрт адам кармалдыCOVID-19: 29-январга карата 398 жаңы учур катталды"Бир айдан бери ооруп жатабыз". "Омикрон" штаммынын кесепети Борбор Азиянын үч өлкөсүн туташтырган энергошакек деген эмне?Баткендеги эвакуацияланган жарандар үйүнө кайта баштадыБаткенде кыргыз-тажик бирдиктүү комиссиясы иштеп жатат