Байден: АКШ Чыгыш Европага аз сандагы аскер жиберет

Жо Байден.

Кошмо Штаттар жакында аз сандагы аскерин Чыгыш Европа жана НАТО өлкөлөрүнө жиберет. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден 28-январда маалымдап,, буга Орусия менен Украинанын чек арасына жакын жерде орусиялык аскерлердин топтолушу негиз берип жатканын айтты.

"Америкалык аскерлерди жакын арада Чыгыш Европага жана НАТО өлкөлөрүнө көчүрөм. Өтө көп эмес", - деди Байден.

Узап бараткан аптанын башында Пентагон 8500дөй америкалык аскерди күжүрмөн даярдыкка келтирген. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы согуш ачууга аскердик жактан даяр экенин, бул Москванын чечиминен көз каранды болорун айткан.

Москва кошуна өлкөнү басып алуу максаты жоктугун айтып келатканы менен, НАТО чыгышка, өзгөчө Украина жана Грузияга карай кеңейбейт деген кепилдик берилсе гана аскерлерин Украина менен чек арадан алып кетерин айтып шарт койгон.

25-январда Орус коргоо министрлиги аннексияланган Крымда жана украин чегине жакын жерде 6 миң аскер, 60 согуш учагы катышкан машыгуу баштаганын билдирген.

Дагы караңыз

"Ишке кирерде өзүңдү мактагандан тартынба" "Бир айдан бери ооруп жатабыз". "Омикрон" штаммынын кесепети Былтыр Орусияда 1,04 млн. адам өз ажалынан көз жумдуТашиев эвакуацияланган тургундар үй-жайына кайтып жатканын билдирдиТүркияда статистика институтунун жетекчиси инфляция тууралуу ачык маалыматтан соң иштен алындыТашиев: №39 протокол боюнча Ворухка жол куруу маселеси каралатАКШ мамдепартаменти кыргыз-тажик чек арасындагы зомбулуктун жанданышына кабатырБаткен: кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын иши жандантуу чечилдиКара-Сууда ала качууга шек саналып төрт адам кармалды