Өзүн президент менен УКМК төрагасынын жакындары катары тааныштыргандар кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 6-февралда билдиргендей, өздөрүн президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары деп көрсөткөн адамдар аныкталган.
Алар Мамлекеттик бажы кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин коркутуп, тышкы экономикалык ишмердүүлүккө (ТЭБ) катышкан, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товар импорттоочу соодагерлерди көзөмөлгө алышканы тастыкталган.

"Алардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын алкагында ишкерлерди көзөмөлдөө жана мамлекеттик кызматкерлерди коркутуу фактылары документтештирилди. Мындан тышкары бажы жана салык мыйзамдарын бузуу менен товарларды өлкөгө алып кирүүгө бөгөт коюу чаралары көрүлдү".

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, 4-февралда өздөрүн Жапаровдун тууганы жана Ташиев менен байланышы бар деп тааныштырган адамдар товар ташууну жандандыруу максатында атайын кызматтын өкүлдөрүнө пара сунуштап, 1600 доллардын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалышкан.
Бул факты боюнча кармалган Т. А. аттуу жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында учурда тергөө иштери уланууда.

Коопсуздук кызматы жарандарды кыраакы болууга, түрдүү шылуундарга алданбоого чакырып, андай учурда укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы: Сокулукта сабалган бала мурда да зомбулукка кабылган болушу мүмкүн "Көчүп келгендер көбөйдү": кайрылманга каралашкан Зайнидин “Жарыштан чыгыш үчүн миллион доллар сунуш кылышкан” АКШнын аскердик күчтөрү Польшага бара баштады Коронавирус бир күндө дагы үч кишинин өмүрүн алды "Манас Ордо" комплексинин директору болуп Марат Дооронбеков дайындалды “Балдар укугун коргоо лигасы” сабалган баланы Бишкекке которууну талап кылдыДүйшөмбүнүн чакырыгы, Бишкектин жообу Орус бийлиги “Свободадан” Навальныйдын иликтөөлөрүн алып салууну талап кылды