ИИМ: Өз жанын кыйган спортчу Манас Эркул уулу издөөдө болгон

Манас Эркул уулу.

Январь айында Ош шаарында өз жанын кыйган Кыргызстандын грэпплинг боюнча чемпиону Манас Эркул уулу 2019-жылдан бери киши өлтүрүүгө шектүү катары издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, ал 2019-жылдын 23-октябрында “Манас” аэропортунун автоунаа токтотуучу жайында машинесинен сөөгү табылган Хусан Керимовдун өлүмүнө байланыштуу издөөгө алынган.

Тергөөдө Хусан Керимов жүргүнчүлөрдү ташуудан сырткары, акча да ташып иштегени белгилүү болгон. Ал киши колдуу болгон күнү чоң суммадагы акчаны жеткирмек. Аны өлтүргөн деген шек менен кармалган эки адамдын жанынан 100 миң доллардан ашык уурдалган каражат алынган. Экөө тең жатак абагында жазасын өтөп жүрүшкөн.

Бул ишке байланышы бар Ош шаарынын тургуну Акжол Мамарасул уулу издөөдө жүрөт. Милиция ал Орусияда качып жүргөнү тууралуу маалымат бар экенин билдирди.

Хусан Керимовдун өлтүрүлүшү боюнча Жазык кодексинин (эски кодекс - ред.) “Каракчылык менен коштолгон атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул ишке тиешеси бар делген Манас Эркул уулуна да издөө жарыяланган. Ал январь айында Ош шаарында бир тууганынын үйүндө асынып алган.

2019-жылы “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана “Kloop” Кыргызстандан сыртка чыгарылган күмөндүү миллиондогон долларлар, ага Хусан Керимовдун тиешеси жана анын кыргыз бажысындагы коррупциялык схемаларды айтып берген маркум Айеркен Саймаити менен байланышын иликтеген. (BTo/ AAb)

Дагы караңыз

УКМК: кыргыз-тажик чек арасындагы курулуштар убактылуу токтотулдуАкыйкатчы: Бишкектеги тергөө абагында аял төрт айлык ымыркайы менен жататФарид Ниязовдун абактагы мөөнөтү узартылдыСот Акбөкөн Таштанбековдун кылмыш ишин токтоттуМинистр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасы имаратты бошотушу керек экенин айттыБлинкен: Орусия Украинага кайсы учурда болбосун кол салышы мүмкүнМадумаров акыркы саясий окуялар боюнча комментарий берди