Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Сот Акбөкөн Таштанбековдун кылмыш ишин токтотту


Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 11-февралдагы чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун маалыматы боюнча, депутаттын адвокаты Таштанбековду жазык жоопкерчилигине тартуу ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти токтотууну өтүнүп, сот аны канааттандырган.

Акбөкөн Таштанбеков Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренеси менен айыпталып, былтыр 6-декабрда Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) тарабынан камакка алынган.

Ага чейин 28-ноябрда ал №30 Ысык-Ата округунан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып утуп чыккан. Ага 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырылып, 10-январда Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан.

Атайын кызмат “анын шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда социалдык тармактарда тарап кеткен видеосу коомчулукта терс пикир жараткан” деп билдирген.

Таштанбековдун адвокаты Жылдыз Касаналиева депутатка байланыштуу видео үч жыл мурда тартылганын, ал мезгилде да социалдык тармактарга тарап, УКМК кылмыштын курамы аныкталган жок деген негизде ишти кыскартканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG