УКМК: “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схема аныкталды

Атайын кызмат тараткан сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде жүк өткөрүүдөгү коррупциялык схемага шек саналып Мамлекеттик салык кызматынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) маалымдады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги салмак-габариттик көзөмөлдөө жайынан айрым жүктөрдү каттоодо товарлардын наркы жана көлөмү төмөн көрсөтүлгөн. УКМК жемкорлук схема менен салык кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын ар биринен 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин, салмак-габариттик көзөмөл пунктунун кызматкерлери ашыкча жүктөрдү текшербей эле 1000-2000 сомдон акча алып турушканын билдирди.

Атайын кызмат 25-февралда 13-12 миң сом алып жаткан салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки кызматкери, 5500 сом алып жаткан салык кызматкери кармалганын билдирди. Учурда коррупцияга шек саналгандар камакка алынып, тергөө башталды.

Эки күн мурда Транспорт жана коммуникация министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспектору дагы пара менен камалганы кабарланган.

Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жана салык тармагындагы чийимдерди аныктап, экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун эсебинен 2024-жылга чейин мамлекеттик бюджетти 600 миллиард сомго чейин толтурууга убада берген. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстан ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды чечүүнү сунуштады Министр Казакбаев Украинанын элчиси менен жолуктуАкылбек Жапаров ЕАЭБде кризиске каршы фонд түзүүнү сунуштадыЧек ара кызматы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде машинелердин тыгыны жок экенин билдирдиБишкекте жана Ошто Украинаны колдогон акция өттү