Киевдеги 114 кыргызстандык Венгрияга чыгып кетти

Киевдеги имараттардын бири.

28-февралда Украинанын борбору Киевден 114 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткенин элчи Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдирди. Автобустарды элчилик уюштурду.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланат.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

Ушу тапта Беларус менен Украинанын чек арасында эки мамлекеттин делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды.

Дагы караңыз

Орусиянын улуттук валютасы болуп көрбөгөндөй күчүн жоготтуМуфтият ысырапкерчиликти тыюу тууралуу жарлыкты элге түшүндүрөтБеларуста орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсү башталдыКыргыз өкмөтүнүн 3000ге жакын чечими күчүн жоготтуРоскомнадзор “Настоящее Время” телеканалынын сайтын жапты