Германияда Орусияны жактагандардын акциялары өттү

Франкфурт шаарында өткөн орусиячылардын акциясы. 10-апрель, 2022-жыл.

10-апрелде Германиянын бир нече шаарында Орусияны жактагандардын акциялары өттү. Ганновер жана Франкфурт калааларында алардын саны бир нече жүздү чамалады.

Алар "кастыкты козутууну" жана орус тилдүүлөрдү «бөлүп-жарууну» токтотууга чакырышты.

Акциянын катышуучулары Орусиянын жана Германиянын желектерин көтөрүп турушту. Буга чейин демонстранттарга "V" же "Z" деген белгилерди шардана кылууга тыюу салынган.

Орусиячыл демонстранттар Украинадагы согушка каршы топтолгондор менен кагылыша кетишти.

Германияда 1,2 миллион орус тектүү адам жашайт. Ал эми украиналыктардын саны 325 миңдин тегерегинде.

Орусияны колдогон митингдер Бишкекте да апрелдин башында өткөн. Аларга милиция эч кандай эскертүү жасаган эмес. Ал эми Украинадагы согушка каршы митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Бул үчүн Ички иштер министрлиги жооп берерин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдын талаптарын аткарууда өкмөт кош стандарттуулукка жол бербейт.

Дагы караңыз

Мектеп жана бала бакчага электрондук кезекке тургузган сайттын иши үзгүлтүккө учурадыЗеленский алдыдагы жума оор болорун эскерттиКыргызстан 12 жылдык билим берүүгө 2023-жылы өтүшү мүмкүнЖеңилдик менен пенсияга чыгууну жоюу каралууда