ЕБ менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча келишим талкууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңейтилген өнөктөштүгү жана кызматташтыгы жөнүндөгү макулдашууга кол коюу боюнча даярдык талкууланганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

13-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефондон сүйлөшүп, кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө үчүн аткарыла турган иштерди, жетекчилердин жолугушууларын, сапарларын талкуулашты.

Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы 1999-жылы башталган. Кол коюла турган жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр 2017-жылдан бери жүрүп келатат. Анда өзгөчө маани саясий кызматташтыкка, соода-сатыкка жана инвестияга, экономикалык мамилелерди жакшыртууга буруларын Европа тарап билдирүүдө.

Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишим даяр болгону 2019-жылы эле кабарланып, кол коюлары айтылган. Бирок ал ишке ашкан эмес. (BTo)

Дагы караңыз

9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбойт Кыргызстан дары-дармектин 97% чет өлкөдөн импорттойт Сот Бишкектин борборунда сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды Кыргыз-өзбек фондунун алкагында 350 долбоорду ишке ашыруу сунушталат Алматы соту оппозициялык активист Жанболот Мамайды камакта калтырдыНью-Йорк метросундагы кол салууга шектүү кармалдыНарын менен Ысык-Көлдө үрөн таңкыстыгы жаралды Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өттү