"Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысы алмашты

"Тазалык" кызматкерлери.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев "Тазалыктын" башчысы болуп Султан Алыбаев дайындалганын билдирди. Ал бул тууралуу аталган ишкананын жумушчуларынын нааразылык акциясында айтты. Жаңы жетекчиге "тазалыкчыларга" дем алыш күндөрү иштегени үчүн айлык акы төлөп берүү маселесин чукул арада чечүүнү тапшырды

"Тазалыктын" айрым жумушчулары 15-апрелде митингге чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышкан. Алар бул тармакты билген адамдар башкарышы керектигин айтып, жетекчилер тынбай алмашып жатканына нааразы болушкан. Ошондой эле коопсуздук маселеси каралбай, машинелерге тетиктер алынбай жатканына жана айлык маселеси жакшы чечилбей жатканына даттанышты.

Азат Сагынов "Тазалыктын" башчысы болуп былтыр жылдын аягында дайындалган. Ал нааразы болгондордун дооматтары тууралуу үн каткан жок.

"Тазалык" Бишкектин көчөлөрүн, коомдук жайларын тазалап, күнүнө 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Аталган ишканада 1,5 миңдей адам иштейт жана буга чейин жумушчулар көчө тазалап жаткан учурда машине коюп кетип каза болгон учурлар катталган.

Дагы караңыз

Мамлекеттин үлүшү бар ишканалар былтыр 11 млрд сом киреше тапканМинистр: Бишкектеги мектептердин деректирлери ротация болот Ошто синтетикалык маңзат сатууга шек саналып эки аял кармалды Навальный Батышты Путинге каршы "маалыматтык согуш" ачууга чакырды Казакстан: Карим Масимовдун тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды