Казакстанда Карим Масимовдун жакын тууганына издөө жарыяланды

Нурлан Масимов.

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы таасирдүү башчысы Карим Масимовдун жакын тууганы Нурлан Масимовго издөө жарыяланды. Өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттиги 22-апрелде билдиргендей, Павлодар облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Нурлан Масимов "өзгөчө ири өлчөмдө пара алган" деп шектелүүдө.

"Тергөө соту анын бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин кабыл алды. Масимовго издөө жарыяланып, анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо боюнча иштер башталды", - деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Нурлан Масимов Павлодар облустук полиция департаментинин башчысы кызматына 2019-жылы ноябрда дайындалган. Быйыл январь айындагы кандуу коогадан кийин Карим Масимов "мамлекетке чыккынчылык кылуу" айыбы менен камакка алынган соң Нурлан Масимов иштен бошотулган.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Нурлан Масимов менен Карим Масимов аталаш тууган. Өткөн айда Улуттук коопсуздук комитети Карим Масимов жабык келишимдердин бири боюнча чет мамлекеттин өкүлдөрүнөн 2 миллион доллар алууга шектелип жатканын маалымдаган.

Апрелдин башында Масимовду колдоо үчүн ачылган онлайн-ресурс анын абалы начарлап кеткенин жазган. Өткөн жумада анын камактагы мөөнөтү 6-майга чейин узартылганы белгилүү болгон.

Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары мүнөздөлүп келген. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Серепчилер кеминде 238 адамдын өмүрүн алган январь окуяларынан кийин Казакстанда Назарбаевдин кланы алсырап, президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири күчөгөнүн билдирип келишет.

Дагы караңыз

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш ишин "абсурд" деп атадыАткезчилик менен электрондук тамеки ташыган ири канал аныкталдыЗеленский: Украинага айына 7 миллиард доллар керекМариуполдун мэри жайкын тургундарды "толук эвакуациялоо" зарылдыгын айттыБритания Путин сыйлаган аскердик бөлүктүн командирине санкция салды23-апрелдин аба ырайы