Жапонияда круиздик кеме кырсыктап, он адам каза болду

KAZU 1 кемеси жоголгон аймакта тик учакта издөө иштери жүргүзүлүп жаткан учур. 24-апрель, 2022-жыл.

Жапон бийлиги Хоккайдо аралынын жээгинде - суу ташкыны тууралуу сигнал жиберген KAZU 1 круиздик кеме жоголуп кеткен аймакта 10 адамдын сөөгү табылганын тастыктады. Бул тууралуу жекшембиде NHK телеканалы билдирип, каза болгондордун жетөө эркек, үчөө аял экенин маалымдады. Алардын бешөө куткаруучу кемсел кийген.

Буга чейин табылган адамдар эс-учун жоготуп жатканы кабарланган.

Ишемби күнү түштөн кийин KAZU 1 чөгүп баратканы тууралуу сигнал жөнөтүп, кийин байланыш үзүлгөн. Бортто 24 жүргүнчү, анын ичинде эки бала, капитан жана анын жардамчысы болгон.

Өзгөчө кырдаал болгон аймактагы издөө иштерине жээк коопсуздугу жана Жапониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрү катышууда. (SE)

Дагы караңыз

Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жататБаткен жана Сохтун акимдери суу көйгөйүнө байланыштуу жолугуштуОоганстандагы чабуулдарда бир жумада кеминде 50 бала каза болдуБУУнун баш катчысы Москвада Путин жана Лавров менен жолугушатТүркия орус учактары үчүн аба мейкиндигин жаптыНоокатта жол боюндагы үйлөр бузулууда