УКМК Баткенде мамлекеттик кызматкер пара менен кармалганын билдирди

Пара берүүгө шектүү кызматкерди кармоо учуру. Баткен. 27-апрель, 2022-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.

Мамлекеттик курулуш, турак жай жана архитектураны көзөмөлдөө агенттигинин Баткен облустук башкармалыгынын инспектору прокуратуранын тергөөчүсүнө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүдө 30 жаштагы С. И. К. 27-апрелде, Баткен облустук прокуратурасынын тергөөчүсүнө 20 миң сом пара берип жатып кармалганы, баштапкы тергөөдө ал параны өзүнүн кесиптеши - 39 жаштагы Б. Ж. Т. аттуу инспектордун өтүнүчү менен бергени аныкталганы айтылат.

Ал акчаны "Бекем курулуш" ишканасы боюнча чара көрбөөнү өтүнүп бергени айтылып, бирок аталган кызматкерге карата кандай чара көрүлгөнү кабарланган жок.

Тергөө-иликтөө иштери уланып жатканы айтылды. Шектүү тараптан комментарий боло элек. (ZKo)

Дагы караңыз

БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов камалды Украина: Мариуполдон 20 адам эвакуацияландыОрусия Одессаны бомбалап жататБишкекте 10 жаштагы кызды сабаган өспүрүмгө кылмыш иши козголдуКыргыз-казак мамилесин сынаган геосаясий жагдайЖергиликтүү соттордо ротация башталдыАкылбек Жапаров айыл чарбаны каржылоонун жыйынтыгы сезилбей жатканын билдирди