Украина: Харьковдо орус күчтөрү чек арага чейин сүрүлдү

Украинанын Коргоо министрлиги жарыялаган видеодон алынган сүрөт. 15-май, 2022-жыл.

Украинанын армиясы Харьков аймагындагы орус күчтөрүн Орусиянын чек арасына чейин сүрүп салды. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги 16-майда Facebook аркылуу билдирди. Министрлик ондон ашуун украин аскери Орусиянын чек арасында туруп, сүйлөп жатканын көрсөткөн видеону да кошо жарыялады.

"Урматтуу президент - Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башчысы, сизге маалымат беребиз. Бүгүн (15-майда) Украинанын аймактык коргонуу күчтөрүнүн 127-бригадасынын 227-батальону Орусия менен чек арага чыкты. Биз келдик, биз бул жердебиз", - деп айткан украин армиясынын өкүлдөрүнүн бири.

Украинанын мындай билдирүүсүн азырынча көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн эмес. Москва бул маалыматты ырастап, же четке кага элек.

Бирок төрт күн мурда Британиянын Коргоо министрлиги украин күчтөрү Харьков аймагындагы орус аскерлерине каршы контр чабуулдарын баштаганын билдирген. Министрлик Орусиянын армиясы Харьковдон чегинүү менен "Украинанын ири шаарларын басып алууга чама-чаркы жетпей турганын моюнуна алып жатканын" белгилеген.

Орусия менен чектешкен Харьков облусу Украинанын түндүк-чыгышында жайгашкан. Украинанын экинчи ири шаары деп саналган Харьков орус чек арасынан 40 чакырым гана алыстыкта турат.

Москва бир нече апта мурда Украинанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү айыл-кыштак жана шаарларга чабуулдарын күчөткөн. 15-майда Батыш Донбасста орус армиясынын чабуулунун “ыргагы солгундап калганын” билдирди. Орус армиясы Украинадагы "атайын операциясы" планга ылайык уланып жатканын маалымдап келет.

Дагы караңыз

Социалдык комитеттин жыйыны кворумдун жоктугунан болбой калдыМинистр Бейшеналиев УКМК эки жолу суракка алганын, азыр чет өлкөдө экенин билдирдиУкраина Донбасста Орусиянын жаңы чабуулдарына камдануудаУКМК Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалганын билдирдиКадыркулов Украинада согушка катышты деген жаран тууралуу маалымат берди