Кийинки айдан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы жанданат

China Southern Airlines компаниясына таандык учак.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын июнь айынан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү абакаттамы жанданарын билдирди. Мекеме тараткан маалыматта бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин эки өлкөнүн ортосундагы авиабайланыш тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашып жатканы айтылат.

"Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туруктуу авиакаттамдарды жандантуунун чоо-жайын эки өлкөнүн компетенттүү органдары жакынкы күндөрү талкуулайт", деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылы мартта "China Southern Airlines" компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы туруктуу авиакаттамын белгисиз мөөнөткө чейин токтоткон эле.

Дагы караңыз

Пионер уюмунун мааракесин белгилөө боюнча министрлик тапшырма берген Милиция акыйкатчынын блогер Жолболдуева тууралуу маалыматын четке какты Ютуб Украинадагы согушту "атайын операция" деп атаган каналдарды жаптыЭлчилик Москвада сабалган секелектен улам тиешелүү органдарга кайрылдыУКМК: кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун тоннель табылды