Армения Азербайжан чек арасында бир аскери өлгөнүн билдирди

Тоолуу Карабактагы этникалык армян аскери, 25-ноябрь 2020-жыл.

Армениянын Коргоо министрлиги 18-19-июнь күндөрү Азербайжан күчтөрү менен чек арасында бир аскери мерт болгонун билдирди. Бирок окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

Азербайжан армиясынын өкүлдөрү чек ара аймагында ок атылганын ырастады. Армян тарап өз күчтөрү "түрдүү калибрдеги куралдан" Азербайжандын армиясын көздөй ок атканын мойнуна алышты.

Тоолуу Карабак аймагына жана анын айланасындагы райондорго байланыштуу 2020-жылдын күзүндө чыккан алты апталык согуштан бери Кавказдагы бул эки коңулаш мамлекеттин алакасы чыңалган бойдон кала берүүдө.

Чек ара аймактарында утур-утур кагылышуулар орун алып, эки тарап мындай окуяларга бири-бирин айыптап келет. Чыңалууну басаңдатууну көздөгөн дипломатиялык аракеттерден толук майнап чыга элек.

Дээрлик 30 жыл бою этникалык армяндар көзөмөлдөп келген Тоолуу Карабак аймагын эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныйт. 2020-жылдагы согуштан кийин Тоолуу Карабактын бир бөлүгү жана анын айланасындагы райондор Азербайжандын карамагына өткөн. Москва арачылык кылган ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, аймакка эки миңдей орусиялык аскерлер мониторинг кылуу максатында жөнөтүлгөн.

Өткөн аптада армян премьер-министри Никол Пашинян Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайрылып, "Азербайжан тараптан туулуп жаткан жаткан коркунучтарды" жөнгө салуу үчүн өз өлкөсүнө жардам көрсөтүүнү өтүнгөн.

Дагы караңыз

Орус күчтөрү Северодонецктин жанындагы шаарчаларды аткыладыБишкектин мурдагы вице-мэри Узаковдун абактагы мөөнөтү узартылдыЖерүй алтын кенине 600 миллион доллар инвестиция салынды Кыргызстанда мектептердин 74 пайызында окуучуларга ысык тамак берилетИИМ бир аптада 230дан ашуун айдоочу мас абалында кармалганын билдирдиКүрөш боюнча Азия чемпионатында (U-17) эки кыргызстандык алтын медал утту